Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Чаткалдагы унаа жолдор толук ачылды


Жалал-Абаддын Чаткал районундагы унаа жолдор кардан тазаланып, толук ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

4-апрелде ӨКМнын ыкчам тобу жана Коргоо министрлигинин Ош шаарындагы артиллериялык тобу Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров унаа жолунун 86-чакырымында 13 жолу артиллерия менен атып, натыйжада 33250м³ кар көчкү түшкөн, бирок унаа жолуна жеткен эмес. Ал жерде артиллериялык атуу аяктады.

Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров унаа жолун кеңейтүү аяктады, азыр бул жол ачык.

Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолу кеңейтилип жатат. Жол каттамы кечээ түштөн кийин толук ачылды. (RK)

XS
SM
MD
LG