Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Түркия: Киркук-Жейхан мунай кууру жарылуудан улам бузулду


Түркиянын түштүк-чыгышындагы аталган куур Ирактын мунайын Жер ортолук деңизиндеги портторго алып чыгат.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бейшемиде бул куурдун Идил шаарына жакын жердеги эки бөлүгүндө болгон жарылуудан өрт чыккан.

Расмий өкүлдөр ошондой эле өрт өчүрүлгөнүн жана Ирактын Киркук шаарынан келе жаткан мунай башка атаандаш куурга багытталганын кошумчалашты. Жарылуу эмне себептен болгону жана бузулган куур качан калыбына келтирилери белгисиз.

Түркиянын түштүк-чыгышында күрд автономиясы үчүн күрөшүп келген күрд согушкерлери буга чейин мунай куурларына да бомба койгон учурлар болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG