Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Украинада дагы бир экс-министр соттолду


Украинанын мурдагы жаратылышты коргоо министри үч жылга кесилди. Георгий Филипчук Кара деңиздин түбүн иштетүү боюнча Vanco International компаниясы менен түзүлгөн келишимди бузуу учурунда бийлик укугун натуура пайдаланган деген айып тагылды. Филипчук өзүн күнөөлүүмүн деп эсептебейт.

Айыпталуучунун адвокатынын айтышынча, анын кардары келишимди бузарда ошол кездеги премьер-министр Юлия Тимошенконун түздөн түз көрсөтмөсүн аткарган. 7 жылга кесилген Тимошенко азыр абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө. Мурдараак Тимошенко кезинде ички иштер министри болгон Юрий Луценко да кызматын бейчеки пайдаланды деп айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылган. Луценко өзүн акмын деп санайт.

XS
SM
MD
LG