Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Оторбаев малайзиялык бизнесмендерди Кыргызстанга чакырды


Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Абдул Азиз Харун менен жолукту. Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча кеңири иш баштаганын айтып, малайзиялык бизнесмендерди Кыргызстанда иштөөгө чакырды. Жолугушууда кыргыз премьер-министри Өмүрбек Бабановду Малайзия өкмөтү расмий сапарга чакырганы, бул сапар быйылкы жылдын май-июнуна пландаштырылып жатканы айтылды.

Элчи малайзиялык тарап Кыргызстан менен байланыштырган аба каттамын ачууга, туризмди өнүктүрүүгө, ислам каржылоо принциптерин жана адал-индустрияны жайылтууга кызыкдар экенин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG