Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Пакистан: кар көчкү баскан аскерлер табыла элек


Пакистанда аскерлерди басып калган кар көчкүнүн калыңдыгы 20 метрдей болушу мүмкүн. Гималай тоо кыркарларындагы Сиачен мөңгүсүнө чукул жерде кар алдында калган аскерлерди издөө азырынча эч натыйжа бере элек. Издөөгө аскерлер, атайын үйрөттүлгөн иттер жана техника колдонулууда.

Соңку маалымат боюнча пакистандык аскерлер калыңдыгы 20 метрдей болгон көчкүнүн алдында калган. Мындай шартта адам баласынын тирүү чыгышы мүмкүн эмес. Кар көчкү 100 жоокерди жана полковникти басып калган.

Кырсык Сиячен мөңгүсүнүн Индия менен Пакистандын талашкан Кашмир аймагында ишембиде болду.

XS
SM
MD
LG