Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Инди океанындагы цунами токтоду


Индонезиянын Ачех провинциясында 8,6 жана 8, 2 баллдык жер тербетүү болду. Цунами болот деген кабардан улам Ачехтин эли дүрбөп, дөң-дөбөлөргө качышты. Бирок толкун айдаган шамал чоң зыян келтирбегени кабарланды.

Гавайдагы цунами тууралуу эскертчү борбор чукул кырдаал абалын жер биринчи жолу силкингенден төрт сааттан кийин алып салды. 2004-жылы жер титирөөдөн кийинки цунами Аче провинциясында 170 миң адамдын өмүрүн алган. Ошондо Инди океанына чыккан 13 өлкөдө 230 миңдей адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG