Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Кыргызстанга келген расмий конокторду тосуу тартиби өзгөрдү


Кыргызстанга келген жогорку даражалуу расмий конокторду тосуу тартиби өзгөрдү. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Мамлекеттик протокол жөнүндөгү" мыйзамга кол койду. Мыйзам долбоору парламентте 2-мартта кабыл алынган. Мындан ары Бишкекке келген чет өлкө президенттери, өкмөт, парламент башчылары, тышкы иштер министрлери жана ошолордун деңгээлиндеги расмий делегация өкүлдөрү сөзсүз түрдө "Ата-Бейит" мемориалына барып гүл коюшат.

"Ата-Бейитте" өткөн кылымдын 30-жылдарында сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү жана 2010-жылдын 7-апрелинде набыт болгондордун сөөгү коюлган. (RK)

XS
SM
MD
LG