Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

«Чоң сегиздиктин» министрлери Түндүк Кореянын ракета аткандыгын сындады


Улуу Британия, Германия, Канада, Италия, АКШ, Франция жана Жапониянын министрлери Пхеньян БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп билдирди.

Билдирүүдө жума күнү Түндүк Кореянын алыска уча турган ракета аткандыгы чөлкөмдүк туруктуулук менен коопсуздукту бузаары айтылып, мындан ары түндүк кореялыктарды баллистикалык курал-жабдыктарды пайдалануудан баш тартууга чакырат. Ошондой эле министрлер Пхеньянга ядролук программаларды ишке ашыруу үчүн уранды байытууну токтотууну эскертишти.

Бул билдирүү Вашингтондо өткан «Чоң Сегиздиктин» тышкы иштер министрлеринин жыйынын соңунда кабыл алынды.

Буга чейин маалым болгондой, Түндүк Корея өлкөнүн түптөөчүсү Ким Ир Сендин туулганынын 100 жылдыгын утурлап, ракета учурду. Бирок Пхеньян ракета асманга учуп чыккандан кийин өз огунан тайып, мухитке кулап түшкөнүн моюнга алды.

XS
SM
MD
LG