Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

ИИМ: Өзүн өзү өрттөгөн адам өлөөр алдында кат жазып кеткен


Ошто өзүн өзү өрттөп жиберген адамдын каты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын ага-инспектору Эрнис Осмонбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, окуя болгон жерде чечилген кийимдердин жанында дептер табылган. Анда өлүм алдындагы жазылган кат бар экен.

Милициянын билдиргенине караганда, өз өмүрүнө кол салган адамдын аты Каныбек Сейитбеков. Ал 1947-жылы туулган. Ош облусунун Алай районунда жашачу.

Дептерге жазган катында ал митингдерден жадаганын, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровго ишеним артаарын билдирген.

15-апрелде кечки саат алтыга жакын Ош шаарынын борбордук аянтында бир адам өзүн өзү өрттөгөн. Кийин ал Каныбек Сейитбеков экени аныкталган. Ооруканага жеткирилгени менен денесинен дээрлик 100 пайыз күйүк алгандыктан эсине келе албай каза тапкан.

Окуя боюнча азырынча ыкчам гана маалымат бар. Тиешелүү адистер анын өлөөр алдында жазган каты, деги эле окуянын чоо-жайы боюнча комментарий берише элек.(RK)

XS
SM
MD
LG