Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Ош шаардык кеңештин вице-спикерлери өкмөттүк партиялардан шайланды


Бүгүн Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында вице-спикер болуп “Республика” партиясынан шайланган депутат Бактыбек Каналиев жана КСДПдан Равшан Рысбаев шайланды. Алар сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондугун Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

13-апрелде кеңештин алгачкы сессиясында төрагалыкка “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Таалайбек Сабиров шайланган. Биринчи сессияда коалиция түзүү жаатында пикир келишпестик чыгып, “Республика”, КСДП, “Ата-Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан” партияларынан шайланган 22 депутат жыйындар залын таштап чыгып кетишкен эле. Бүгүнкү жыйынга 45 депутаттын бешөө келбегиндиги айтылууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG