Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

USAID Сузак көчөлөрүнө жарык киргизет


Бүгүн АКШ өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги аркылуу Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын электр энергия жана көчө жарыктандыруу кызматтарын жакшыртуу үчүн 86 507 доллар өлчөмүндөгү грантын жергиликтүү бийликке тапшырат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2010-жылдагы июн окуясынан кийин ички миграция күчөп, Сузак районунда электр энергиясын керектөө өскөн.

АКШ өкмөтү Чоко-Төбө айылынын 1 700 көп улуттуу тургундарына жардам катары эки трансформатор, чырактарды, электр линияларды жана көчө тиректерин сатып алууга каражат бөлүп берет. Жергиликтүү бийлик электр тутумун жакшыртууга керектүү уруксат алат, ал эми Сузак районунун электр тармактар башкармалыгы (РЭС) долбоорду ишке ашыруунун техникалык тарабын көзөмөлдөйт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG