Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Индия узак аралыкка учуучу ракеталарын сынады


Расмий өкүлдөрдүн айтымында, узак аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды сыноо ийгиликтүү өттү. Премьер-министр Манмохан Сингх индиялык окумуштууларды сынактын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, буларды белгиледи:

- “Агни -5” ракетасынын ийгиликтүү учурулушу Индиянын илимий-технологиялык жамаатынын улуттук ишке берилгенинине жана чебердигине көргөзүлгөн урмат.

Бүгүнкү сынагы аркылуу Индия континенттер аралык ракета жасоо технологиясына ээ Британия, Франция, АКШ, Орусия, Кытай сындуу өлкөлөрдүн катарына жакындоодо.

Аналитиктердин айтымында, бул Азияда Индия менен Кытай ортосунда атаандаштык күчөгөнүнүн жаңы баскычы. Сыналган “Агни -5” ракетасы өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү, Бээжинге жана Кытайдын башка шаарларына чейин жете алат. (UE)

XS
SM
MD
LG