Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Казакстанда жашыруун иштеген 700дөй кумаркана жабылды


Бул тууралуу казакстандык Tengrinews.kz агенттиги өлкөнүн Экономикалык жана коррупциялык кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин расмий өкүлү Мурат Жуманбайга шилтеме жасап кабарлады.

Мурат Жуманбай белгилегендей, мыйзамсыз иштеген 677 кумаркананын иши акыркы бир жарым жылда токтотулган.

Казакстандык расмий өкүлдүн айтымында, кумар оюндарынын борбору катары мурдагыдай эле Алматы эсептелет. Ал жерде 2010-жылдан бери жашыруун иштеген 27 казино, 150 оюн залдары жабылган.

Ал эми борбор Астанада акыркы эки жылда мындай жайлардын 106сы жабылган. Кыргызстан кумарканалардын иштөөсүнө быйыл январдан тарта тыюу салса, Казакстан мындай кадамга 2007-жылы эле барган. Бирок ага карабай бул жаатта көмүскө бизнес өкүм сүрүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG