22-апрель - бүткүл дүйнөлүк жер күнү катары жыл сайын белгиленип келет. Жер күнүнө арналган иш-чарада БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун сөз сүйлөп, бул күн “Жалпыбыз жашаган бир гана планетаны” урматтай турган күн экенин айтты. Башкатчынын айтымында, жакынкы 20 жыл аралыгында азык-түлүк, энергия, ичүүчү суу жана жумуш орундары азыркыдан да көбүрөөк талап кылынаарын белгиледи. Бул күн ар өлкөдө түрдүүчө белгиленип келет, экологиялык долбоорлор талкууланып, акциялар өтүп, макулдашылган жарык өчүрүүнү уюштуруп, жерге дарак отургузушат.