Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Ооганстан менен АКШ кызматташтык келишимин түздү


Ооган президенти Хамид Карзайдын кеңсесинен билдиришкендей, Ооганстан менен АКШ ортосунда эки тараптуу узак мөөнөттү кызматташтык тууралуу келишим долбоору даярдалып бүттү. Ооган тараптан документти даярдоого улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Рангин Дадфар Спанта, Америкадан – Кабулдагы элчи Райан Крокер катышты. Эми долбоорду эки өлкөнүн парламенттери жактыргандан кийин президенттер кол коюуга тийиш. Элчи Крокердин айтымында, келишим Вашингтонго аскерлер Ооганстандан чыгарылгандан кийин “демократиялык, стабилдүү, бирдиктүү жана коопсуз мамлекет” курууда оогандарга жардамын улантууга шарт түзмөкчү.

XS
SM
MD
LG