Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:34

Судан менен Түштүк Судан кармашууда


Судан менен Түштүк Судандын чек арасында кечээ кайрадан кармашуулар жанданды. Анын алдында Түштүк Судандын аскердик бөлүктөрү мунайга бай талаштуу Хеглиг аймагынан чыгып кеткен. 10 күнгө созулган урушта мунай инфраструктурасы талкаланганы кабарланууда. Судандын маалыматына караганда, каршы тараптын 400дөй аскери набыт кетти. Судандын жоготуулары тууралуу маалыматтар жок.

Түштүк Судан өткөн жылы жайында референдумдун натыйжасында эгемендикке жетишкен. Бирок эки өлкө ортосунда аймактык жана экономикалык чечиле элек маселелер кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG