Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Тажикстандагы орус күчтөрү тууралуу сүйлөшүү уланууда


Дүйшөмбү шаарында Тажикстанда турган орус аскерлеринин келечеги боюнча сүйлөшүү уланып жатат. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана тажик өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө жылыш жок экендиги кабарланууда. Эки тарап тең талкуу кызып жаткандыгын билдиришти.

"Азаттыкка" жакын булактын айтымында, тажик өкмөтү аскер базасынын ижара мөөнөтү аяктай турган 2014-жылдан кийин орус аскерлеринин 5-7 жылдын ичинде чыгарылышын каалайт. Ушул эле булакка ылайык, Дүйшөмбү өкмөтү Маскөөдөн ижара акысы боюнча миллиондогон доллар карызды төлөөнү талап кылып жатат. Кремл өз кезегинде ижараны 49 жылга узартууга кызыктар. Дүйшөмбүнүн жанында, Куляб жана Коргон-Дөбө шаарларында 7 жарым миң орус аскери турат.

XS
SM
MD
LG