Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:11

Ньюйорктук бийчилер Бишкекте оюн коет


Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында 27-апрелде Нью-Йорктон келген Шон Каррендин бий тобу концерт берет. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, иш-чара азыркы бий искусствосун таанытып-жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. Америкалык шайырлар “Металл багы”, “Оор соодалашуу” жана “Социалдык дискурс” деген бийлерин көрсөтөт.

Бийчилер Ысык-Көл облустук драма театрына да барат. Бишкек, Кара-Балта жана Каракол шаарларында бий өнөрү боюнча тажрыйба бөлүшүп мастер-класс өтүшмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG