Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча парламентке өтчет берип жаткан өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү сот реформасын тездетүү керек экенин айтты. Уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирди.
2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин башталган сот реформасын аягына чыгара албай калганын экс-президент Роза Отунбаева кызматынан кетип жатканда айткан. Сотторду тандоо кеңеши аркылуу судьялар корпусун тазалоо максаты коюлган болчу. Бирок бул процесс ордунан жылбай, токтоп турат. (RK)