Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Пакистан: премьер соттолду, бирок камалган жок


Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Риза Гиланини сотту сыйлабайт деген айып такты. Мыйзам боюнча Гилани алты ай эркинен ажырашы мүмкүн болчу. Бирок премьерди сот залынан бир нече мүнөт камакка алып туруп, анан бошотушту.

Пакистан соту феврал айында Гиланини өкмөт башчы катары президент Асиф Али Зардариге каршы паракорлук боюнча ишти кайра ачкан жок деп күнөөлөгөн эле. Гилани болсо президент кызматта турганда анын кол тийбестиги бар экенин айтып, соттун чечимин аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG