Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Электр акысын төлөөнүн жаңы жолу сунушталат


"Түндүкэлектр" ишканасы электр энергиясы үчүн акча чогултуунун жаңы жолун сунуштаганы жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты.

Телефонго бирдик жүктөгөн сыяктуу эле кардар атайын картага канча акча түшүрсө, ошого жараша электр энергиясы берилет. Картадагы акча түгөнсө, жарык берүү да токтойт. Бул үчүн атайын эсептегичтерди Кытайдан сатып келмей болушууда.

Алгач мындай ыкманы Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында колдонуп көрүшөт.

"Түндүкэлектрдин" адистеринин айтымында, бул жол электр энергиясынын уурдалышына бөгөт коюп, жүздөгөн инспекторлорду кармоо зарылчылыгын жоёт. Учурда бул ишкананы 526 инспектор тейлейт. "Түндүкэлектр" электр жарыгы менен Бишкекти, Чүйдү жана Таласты камсыз кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG