Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Алматыда «Макул эместердин» митингинин катышуучулары кармалды


Алматыда 10го чукул жарандык активист кармалды. Лондондон Алматыга учуп келген “Руханият” партиясынын лидери, оппозициялык саясатчы Серикжан Мамбеталин митингде сөз сүйлөдү:

- Бизге дайыма адегенде экономика, андан кийин саясат деп айтып келишкен. Башкача айтканда, өлкөнү башкарууга тоскоол кылбагыла - карапайым эл үчүн эмне кылышты биз билебиз дешкен. Маңгыстоодогу кандуу окуялар экономикада саясаттан дагы көп көйгөйлөр бар экендигин көрсөттү. Бийлик жөнөкөй чыр-чатактарды чече албастыгын далилдеди. 20 жылдан кийин кара май түгөнөт. Ошондо кыйын кезең келет...

Оппозициялык маанайдагы активисттер президент Назарбаевдин элге чыгуусун талап кылып, "Назарбаев, кел!" деп кыйкырышты. Жалпы талаптар катары коррупцияга каршы туруу, эң төмөнкү пенсия менен айлык акыларды көтөрүү, Жаңы-Өзөндөгү окуяларды адилет иликтөө, көз карандысыз журналист Лукпан Ахмедьяровго кол салгандарды табуу айтылды.

"Макул эместердин" митинги Алматы калаасында Абайдын эстелигинин жанында өттү. Саат 12де башталган митингге ондогон адамдар катышты. Таң эрте бул жерде полициянын курамы турду. Оппозициялык маанайдагы митингдер Казакстандын бир катар чоң шаарларында өткөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG