Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Ош менен Жалал-Абаддын айрым айылдарында сел жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, Кара-Суунун Савай, Аксынын Кара-Суу, Базар-Коргондун Акман айылдарына 28-апрелде сел жүрдү. Катуу жаандан пайда болгон сел бул айылдарда короо-сарайларды каптап кетти. Алдын-ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген эмес, жапа чеккендер такталууда. Кырсык болгон жерлерге тиешелүү жардамдар жеткирилди. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу боюнча мекемелер аралык комиссия Савай айылындагы абал менен таанышып жатат.

23-апрелден 25-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында сел жүргөн. Азыр тиешелүү техникалар, гуманитардык жардамдар жеткирилди. Кырсыктан келтирилген зыян азыркыга чейин эсептелип бүтө элек.

Аба ырайын маалымдоочу борбордун кабарлашынча, 30-апрелге чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде нөшөрлүү жаан уланат. Буга байланыштуу сел коркунучу сакталып, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. (BkA)
.

XS
SM
MD
LG