Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

“Майдан.kg” гезитинин окурмандары митингге чыкты


Баткенде облустук администрациянын алдына “Майдан.kg” гезитинин 15-20 чакты окурманы тынч митингге чыгып, гезитке кысымды токтотууну бийликтен талап кылышууда. Аталган гезитти коргоо комитетинин төрагасы Тыныбек Сеитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, гезиттин 2-3 саны Баткенге жетпей калган. Ошол себептүү алар губернаторго жана өкмөткө кайрылуу жолдоп, маалымат каражаттарына, анын ичинде “Майдан.kg” гезитине кысымды токтотуу талабын коюп жатышат.

Буга чейин гезит ээси Нургазы Анаркуловдун акыркы эки жумадан бери белгисиз бирөөлөр басылманы дүңүнөн сатып алып, натыйжада гезит окурмандарга жетпей жатканын кабарлаган. Анаркуловдун белгилешинче, бул сандарда өкмөттөгү коррупция, кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы тууралуу аналитикалык макалалар жарыяланган. “Майдан.kg” гезити жумасына бир жолу чыгат.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров "бул иштердин артында өкмөт башчы турушу мүмкүн" деген дооматтардын баарын четке кагып, премьер-министрдин мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG