Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Кара-Таш айылында он үйдү сел алуу коркунучунда


Ушул тапта биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош, Жалал-Абад облустарынын сел жүргөн айылдарын кыдырууда. Бул учурда Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы бала бакча менен он үйдү сел алуу коркунучу бар экени аныкталган. Аталган министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” айтымында, айылдагы сел жүрө турган арык, каналдар тазаланып, дамбалар коюлуда. Мындан ары өкмөт өкүлдөрү Кара-Суу, Өзгөн райондорундагы жана Жалал-Абад облусунун сел жүргөн айылдарын кыдырат.

Аба ырайын маалымдоочу кызмат 3-майдан 6-майга чейинки убактарда күтүлгөн нөшөр жаанга байланыштуу республиканын тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG