Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Курал-жарак соодасы эмбарголорго карабай өнүгүүдө


"Оксфам" эл аралык гуманитардык уюму айрым режимдерге каршы киргизилген курал эмбаргосуна карабай, ал өлкөлөргө курал-жарактын агымы тыйылбай жатканын билдирди. Соңку 10 жылдын ичинде курал импортуна тыюу салынган мамлекеттер 2 миллиард долларга курал-жарак сатып алышкан.

"Кээ бир өлкөлөрдө курал соодасы масштабдуу түрдө жүргүзүлүп келатат", - деп маалымдайт "Оксфам". Мисалы, Мьянма 2000-2010-жылдар аралыгында сатып алган курал-жарактын баасы болжолу менен 600 миллион долларга тете. Иран 2007-2010-жылдары 570 миллион долларга, Конго демократиялык жумурияты 2000-2002-жылдары 124 миллион долларга курал импорттогон. Уюмдун ырастоосунда, эл керектөөчү банан, ананас же какао өңдүү товарлардын соодасы куралдыкына караганда алда канча катуу көзөмөлдөнөт.

XS
SM
MD
LG