Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Бишкекте бүгүн митинг реквием өтөт


Бүгүн эртең менен Бишкек шаарындагы Жеңиш паркында Улуу Ата мекендик согуштун курмандыктарын эскерген митинг реквием өтөт. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чараны мектеп окуучулары өткөрүп жатышат. Ошондой эле “Өчпөс оттун” алдында мэрдин катышуусунда эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Түштөн кийин Спорт ордосунда “Таберик” ансамбли жеңиштин 67-жылдыгына карата концерт берет. Жеңиш күнүнө арналган негизги майрамдык иш-чаралар 9-майда өтмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG