Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Электр энергиясы үчүн төлөбөгөн чиновниктердин ысымы аталды


“Түндүкэлектро” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана укук коргоочу Сапар Аргынбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана кээ бир чиновниктер бир топ жылдан бери электр энергиясы үчүн акы төлөбөй эле колдонуп келатышканын бүгүнкү жыйында белгиледи.

Анын айтымында, “Түндүкэлектро” ишканасына Эсеп палатасынын төрагасы 141 миң сом, Москва жана Кочкор районунун мурдагы акими, ишкер Эркинтур Молдогазиев 26 миң сом карыз. “Ал эми Башкы прокуратуранын А.М. Сулайманов деген кызматкери электр энергиясын эсептегичи жок пайдаланып келатат. Инспекторлор УКМКда, же прокуратурада тааныштары бар кызматкерлердин кысымынан коркуп калышкан, өчүрүп кетсе кайра күйгүзүп алышат”, - дейт Аргынбаев.

Мындан сырткары жыйында чоң особнякта жашаса да айына 500 сомдон 2 миң сомго чейин төлөгөндөр бар экени, үй ээлери көбүнчө контролер менен сүйлөшүп, аз төлөөрү айтылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG