Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Кыргыз тарыхын изилдей турган фонд түзүлдү


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын изилдей турган “Мурас” фондун уюштуруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына өлкөдөгү окумуштуу тарыхчылар, юристтер, коомдук ишмерлер кирип, аны президенттин иш башкармалыгынын төрага орун басары Нурбек Мамбетакунов жетектей турганын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул топ эки аптада "Мурас" фондун уюштуруу документтерин белгиленген тартипте иштеп чыгып, мамлекеттик каттоодон өткөрүш керек. Ошондой эле фонддун каржылык маселелерин чечүү жагы да каралат.

Топко мүчө болуп кирген тарыхчы Табылды Акеровдун айтымында, “Мурас” фонду каржылык колдоосунда тарыхый материалдары чогултулуп, археологиялык жүрүштөр жасалат. Муну негизинде 10 томдук китеп басылып чыгат.

Буга чейин апрел айында президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын изилдей турган “Мурас” фондун түзүү тууралуу жарлыкка кол коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG