Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Иран: Ахмадинежаддын каршылаштары орундардын көбүн жеңип алышты


Иранда парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынын алдын ала жыйынтыктарына караганда, президент Махмуд Ахмадинежаддын каршылаштары орундардын көбүн жеңип алышты.

Маалымат каражаттары президенттин атаандаштарына 20 орун, тарапкерлерине болгону 8 орун тийгенин кабарлашууда. Дагы 11 депутаттык мандатты көз карандысыз талапкерлер утуп алышты. Экинчи айлампада 65 орун үчүн ат салыш болгон.


Март айында болгон биринчи турда да Ахмадинежаддын оппоненттери парламенттеги көпчүлүк мандаттарды жеңип алышкан. Иран парламенти негизги саясий чечимдерди көзөмөлдөбөйт, бирок жаңы президентти шайлоого таасир эте алат. Шайлоо 2013-жылы болот.

XS
SM
MD
LG