Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

7-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү

6-майда республиканын тоо этектеринде нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы

7-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25 градус жылуу, Талас облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24, Баткенде түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25 градус болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26, Ысык-Көлдө түнкүсүн +5...+10 градус, күндүз +17...+22, Нарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1, күндүз +10...+16. Тоолордо түнкүсүн -3...-8, ал эми күндүз 0..+5 болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 8...10, күндүз 21...23 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG