Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

11-майга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
10-14-майда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт жана ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
10-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 19..24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10 градус, күндүз 17...22
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 17..22,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3..+2, күндүз 14...19,
Тоолордо түнкүсүн -3...-8, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 24...26 градус болот.

XS
SM
MD
LG