Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

"Кумтөр" үмүттү актабай жатат


"Кумтөр" алтын кениндеги жумушчулар, 1-июнь, 2011.
"Кумтөр" алтын кениндеги жумушчулар, 1-июнь, 2011.

"Кумтөрдүн" ишинин начарлашы өлкөнүн жалпы экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасирин тийгизүүдө.

Улуттук статистикалык комитет 10-майда быйылкы жылдын төрт айындагы экономикалык көрсөткүчтөрдү жарыялады. Анда байкалгандай, өнөр жай жана кайра иштетүү тармагы аксап жатат. Маселен, өнөр жайы төрт айда дээрлик 30%, кайра иштетүү тармагы 43% төмөндөп кеткен.

Өкмөт өнөр жайындагы төмөндөөнү "Кумтөрдүн" ишиндеги басаңдоо менен байланыштырууда. "Кумтөр" быйылкы жылы пландагандай 19 тонна эмес, 12 тоннадан ашуун гана алтын казып алат. Былтыр 18 тонна 100 кг. өндүргөн.

Өкмөт "Кумтөрдүн" ишиндеги аксоону Иштамберди, Бозымчак, Жер үй жана Талды-Булак сол жээк алтын кендерин ишке киргизүү менен толтурууну көздөп жаткан.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров бул кендердин ичинен экөө ишке киришүүдө дейт:

- Иштамбердиде иштеп атышат, башташкан. Ал эми Бозымчакта даярдыктар көрүлүп жатат. Быйыл жылдын аягында ишке кирет. Талды-Булак сол жээкте даярдык көрүлүүдө. Долбоорлор түзүлгөн. Ал жерде алтын казып алуу иштери 2014-жылдын соңуна барып башталат.

Эшназаровдун айтымында, Жер үйдүн лицензиясы боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Ошондуктан анын качан ишке кирери белгисиз.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев агенттиктин жана өкмөттүн кендерди иштетүү боюнча ишин кескин сынга алып, уюштуруу иштеринин начардыгынан кендерде иш башталбай жатат дейт:

- Биринчиден, элдин туруктуу болбогону да зыянын тийгизди. Шахты деген нерсе тынымсыз алдыга жылып турат. Он күн токтоп калды. Бул токтоп калуулар бир топ эле зыян келтирди. Экинчи жагынан, муз жыла баштады. Ал коркунуч туудурду деп ошол муздарды алып салуу ишин жүргүзө башташты.

Импорт өстү, экспорт азайды

Муздарды тазалоо иштери келерки жылы да жүргүзүлө тургандыктан "Кумтөрдүн" иши 2013-жылы да ойдогудай болбосун Дүйшеев кошумчалады.

Өкмөт "Кумтөргө" чоң үмүттөрдү байлап жаткан. Ал бир эле экономикалык өсүштөргө байланыштуу эмес. Өкмөт “Центерра голддогу” 33% акциясынын бир бөлүгүн сатып, ал каражат менен Өнүктүрүү банкын түзүүнү көздөп жаткан. Өткөн жылы 33% акция 1 млрд. 500 млн. доллардын тегерегинде бааланып жаткан. Бирок азыркы мезгилде “Центерра голддун” акциялары кескин арзандап, Кыргызстандын акцияларынын баасы 900 млн. доллардын тегереги болуп калды.

"Кумтөрдүн" ишинин начарлашы менен өлкөнүн сырткы соодасында тескери сальдо кескин өсүп кетти. Маселен, төрт айда импорт 1 млрд 65 млн. долларга барса, экспорт 388 млн. долларды гана түзгөн. Тескери сальдо 700 млн. долларга жакындап барган. Мындай шартта эмгек мигранттарынын акча которуулары гана сомдун кубатын сактап турганын өкмөт мүчөлөрү да моюнга алууда.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, "Кумтөрдү" кошуп эсептегенде ИДП 6.8% төмөндөгөн, ал эми "Кумтөрсүз" 3.7% өскөн.

Жергиликтүү экономисттер өкмөт өнүктүрүү үчүн каражат бөлбөгөн үчүн экономикада өсүш болбой жатканын белгилеп келишет. Инвесторлор да Кыргызстандан кыйгап өтүүдө.

Азырынча абалды оңдой турган жагдайлардын бири катары энергетикалык долбоорлор каралып турат. Бирок кыргыз-орус тарап бул долбоорлордо үлүш, кирешелерди бөлүштүрүүдө орток пикирге келе албай турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG