Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Мартин Демпси: исламга каршы машыгуу курстары өткөрүлбөш керек


АКШ куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабдар комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демпси аскерлерди исламга каршы тоталдык согушка даярдаган машыгуу курстарынын өткөрүлүшүн айыптады.

- Андай сабактар биздин баалуулуктарга каршы келет. Бул – эркин ойлорду кысмактоо эмес, муну академикалык көз караштан алганда жоопкерчиликсиз деп атайт элем.

Куралдуу күчтөрдүн Виржиния штатындагы Норфолк коллежинде уюштурулган милдеттүү эмес курстарда жогорку офицрелерди бейкүнөө мусулмандарга каршы согушууну үйрөтүү каралган. Сабактарда Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Дрезден шаарынын бомбаланышы, Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомба ыргытуу өңдүү мисалдар келтирилчү. Маалыматтарга караганда, курста Меке менен Медина шаарларына атомдук чабуул коюу мүмкүн деп үйрөтүлчү.

Мугалимдер курсанттарга өздөрүн исламга каршылык көрсөтүү кыймылынын мүчөлөрү деп элестетүүнү сунуш кылышчу экен. Өткөн айда студенттердин бири арыздангандан кийин Пентагон аны токтоттуруп, иликтөө баштаган.

Курстун жооптуу инструктору подполковник Мэтью Дулей кызматынан четтетилди. Генерал Демпсинин айтымында, АКШнын аскердик мекемеси азыр иликтөө жүргүзүп, андай инструкциялар колдонгон башка жерлерди аныктоого аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG