Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Алеппо жардыруудан солк этти


Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында өкмөттүк имаратты бутага алган жардыруудан жабыркагандар тууралуу кабарланган жок. Бирок 11-май күнү кечке жуук болгон жардыруудан кийинки атышууда бир кароол окко учту. Мындан бир нече саат алды Сирия бийликтери Алепподо жанкечтинин кол салуусун алдын алышканын маалымдаган. Мамлекеттик САНА кабар агенттиги билдиргендей, коопсуздук күчтөрү жанкечтини 1200 килограм жардыргычты машинасына жүктөп баратканда атып өлтүрүштү. Мунун алдыңкы күнү баш калаа Дамасктагы кош жардырууда 55 кишинин өмүрү кыйылган. Ага чейин бир нече шаарда нааразылык акциялары өткөндүгү кабарланган. JCH

XS
SM
MD
LG