Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Обама коопсуздукка жоопкерчилик ооган күчтөрүнө өтүшүн кубаттады


Расмий Кабулдун жекшембидеги жарыясына караганда, беш баскычтуу жараяндын үчүнчүсүнүн алкагында коопсуздук үчүн жоопкерчилик НАТОдон жергиликтүү күчтөргө 230 райондо, провинция борборлорунун баарында, анын ичинде мурда Талибандын таянычы болгон Кандагар шаарында да өтөт. Бул жараян башталгандан тартып, кеминде алты айга созулат.

АКШ президенти Барак Обама муну Ооганстандагы “максаттарга жетүүнү көздөй маанилүү кадам” деп атады. Ал кошумчалагандай, НАТОнун ушул айда Чикагодо өтүүчү саммити Ооганстандын суверенитетин бекемдөөчү маанилүү чараларды талкуулайт.

Кабулдун соңку жарыясы ооган борборунда Жогорку Тынчтык кеңешинин маанилүү мүчөсү киши колдуу болгон учурга туш келди. Мурда талиптердин катарында турган Маулви Арсала Рахмани белгисиз бирөөлөрдөн ок жеген. Талибан анын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып чыкты. (UE)

XS
SM
MD
LG