Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Германия: Канцлердин партиясы аймактык шайлоодо жеңилди


Түндүк Рейн Вестфалия жериндеги шайлоодо Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы добуштардын болгону 26% алды. Немистердин бештен бири ушул аймакта жашаганын эске алганда, бул жергиликтүү шайлоо парламенттик шайлоо алдындагы сынак катары саналат. Германиядагы келерки федералдык шайлоо 2013-жылы болот.

Оппозициядагы Социал-демократтар жана Жашылдар партиясы Түндүк Рейн Вестфалия жеринин парламентиндеги турумун бекемдешти.

Саясатка жаңыдан кирген ар бир адам минималдуу кирешеге ээ болушун мамлекет кепилдешин жактаган “Пираттар” партиясы 8% добуш алды. Бул - аталган жаңы саясий күчтүн былтыр сентябрдан бери төртүнчү ирет ийгиликке жетишүүсү.

XS
SM
MD
LG