Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагында кечээ, 13-майда сел жүрдү. Чек айылында ашкана, сарай сыяктуу эки-үч майда курулуш ураганын “Азаттыкка” аталган айылдын тургуну Салымурза Жумабаев билдирди. Анын айтымында айылдын он үйүнө суу кирип, дагы он үйүнүн короо-сарайын сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат
кызматы Чек айлындагы майда курулуштардын бузулганын ырастаган жок.
Маалыматка караганда, Чек айылындагы 130 үйдүн, Кормоцех айылындагы 60 үйдүн жана Черемушка айылындагы 3 турак-үйдүн чарбактарын сел баскан. (YA/RK)