Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Иран спутнигин учурат


Мамлекеттик ИРНА жаңылыктар агенттиги өлкөнүн аэрокосмос программасынын башчысы Мехди Фарахиге шилтеме жасап кабарлагандай, жаңы спутник 23-майда учурулат. Фарахинин айтымында, байкоочу жана чен-өлчөмдөрдү алуучу Фажр спутниги орбитага Сафир –Б1 ракетасы менен чыгарылат.

Тегерандын бул жарыясы Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ Венадагы жыйынында Ирандын өзөктүк программасын талкуулап жаткан учурга туш келди. МАГАТЭ учурда Иран четке какканы менен ал өзөктүк курал жасап жаткан болушу мүмкүн деген шек саноолорду иликтөөдө.

Тегаран талаштуу өзөктүк программасын жаңы спутнигин учуруучу 23-майда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия менен Багдадда талкуулаганы жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG