Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Атамбаев Москвада КМШ жана ЖККУ жыйындарына катышат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн иш сапар менен Москвага жөнөп кетти. Ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) сессиясына жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) бейрасмий жыйынына катышат.

Өз ара кызматташтык жана аймактагы коопсуздук маселелери талкууланат. Президенттер 2013-жылды КМШ аймагында Экология маданияты жана айлана чөйрөнү коргоо жылы деп жарыялоо чечимин кабыл алмай болушууда.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Украина кирет. Ал эми ЖККУ уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG