Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Көлдө жапайы кара куурайды жок кыла башташты


Ыссык-Көл облусунда жапайы өсүп чыккан кара куурайды жок кылуу иштери башталганын “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Операция октябрга чейин уланат. Былтыр 15 миң гектар жерден кара куурай жок кылынган. Быйыл аны жок кылууга химиялык каражаттар да колдонулаары айтылууда. Бул өсүмдүк көлдүн Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда көп. Аны июл-август айларында теришет. Былтыр кара куурай ушалап жаткан жеринен 32 киши кармалган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG