Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Москвада ЖККУнун юбилейлик саммити өттү


Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 10 жылдыгын утурлай уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйыны өттү. Саммитте эл аралык кырдаал кеңири талкууга алынды. Анда сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин мындайча токтолду:

- Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун макамы өсүүдө. Ал өзү жоопкер аймакта коллективдүү коопсуздукту камсыздоонун эффективдүү аспабы болуп калды. Биздин берегидей жетишкендик менен токтоп калбаганыбыз маанилүү. Биз үчүн ОДКБнын активдүүлүгүн көтөрүү үчүн бир катар багыттарды оптималдаштыруу зарыл жана эл аралык аренадагы өз ишмердигибизди жакшылап координациялоого жетишүүбүз керек.

Жыйынга Орусиядан башка Беларус, Казакстан, Армения, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери катышты.

XS
SM
MD
LG