Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

ИИМ: Эксперттин өлүмүнүн себеби такталууда


Бүгүн, мындан 2-3 саат мурда Ички иштер министрлигинин имаратында курал-жарак менен иштеген эксперт-криминалист каза тапканы кабарланууда. Бул маалыматты "Азаттыкка" министрликтин өкүлдөрү тастыктады. Өлгөн кызматкердин сөөгүн өлүкканага алып кетишкенин айтты. Айрым маалымат булактар А.Н. аттуу кызматкер өзүн өзү эки жолу тапанча менен атканын жазышууда. Бирок министрликтин өкүлдөрү "бул атайын жасалдыбы же кокустукпу, айтуу эрте" деп жатышат. Подполковниктин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG