Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

Өнүгүү банкын ачуу маселеси каралат


Бүгүн парламенттеги “Республика” фракциясы Кыргызстанда Өнүгүү банкын ачуунун күңгөй-тескейин талкуулайт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, жаңы банкты түзүү маселеси боюнча Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев маалымат берет.

Кыргыз өкмөтү өнүгүү боюнча жаңы мамлекеттик банк түзүү менен улуттук ири долбоорлорду каржылоону көздөөдө. Бул банк акционердик коом түрүндө түзүлүп, акцияларынын 100 пайызы мамлекеттин колунда болот. Банкты ачуу боюнча мыйзам долбоору парламенттин кароосунан өтүшү зарыл. (KKs)

XS
SM
MD
LG