Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Караколдо Мамлекеттик тил борбору ачылды


Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Мамлекетик тил борбору ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын ректору Курманбек Абдылдав билдирди. Борбордун негизги максаты – мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү, облуста жашаган башка элдердин өкүлдөрүнүн мамлекетик тилге болгон кызыгуусун артыруу, аларга кыргыз тилин үйрөтүү жана ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө. Борбор үчүн атайын марафон уюштурулуп, накталай 123 130 сом, которуу жолу менен 8000 сом түштү. Бул акча жабдуу жана окуу куралдарын сатып алууга жумшалат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG