Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Орусияда мерт болгондордун сөөгү алып келинет


Орусиянын Красноярск шаарында жол кырсыгында набыт болгон кыргызстандыктардын сөөгү 20-майда мекенине жеткирилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Новосибирсктеги вице-консулу Азиза Турдуева билдирди.

Турдуеванын айтымында, вице-консулдук сөөктү жөнөтүү үчүн тиешелүү иштердин баарын жасады. Эми жекшембиде таң эртеден “Авиа трафик” компаниясынын учагы менен маркумдардын сөөгү Ошко алынып келинет.

Красноярск - Ачинск унаа жолунда 18-майда таң эрте киши ташып бараткан Honda үлгүсүндөгү машине астыда бараткан жүк ташуучу унаа менен кагышып, ичиндеги алты киши мерт болгон. Каза тапкандар арасында 3, 6 жана 7 жаштагы балдар да бар.

Кырсыктан мерт кеткендердин баары Жалал-Абад облусунун тургундары экени аныкталды.

Бул акыркы он күн ичинде кыргызстандык мигранттар кабылган экинчи кырсык. Буга чейин Екатеринбургга бара жаткан кыргызстандык мигранттар 8-майда Казакстандын аймагынан жол кырсыгына кабылып, 16 адам мерт болгон эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG