Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

НАТО саммитине кыргыз тышкы иштер министри катышууда


Ушул күндөрү АКШда өтүп жаткан НАТОнун саммитине Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышууда. Бул туралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. НАТОнун Чикаго шаарындагы саммити 20-майда башталып, бүгүн 21-майда жыйынтыкталат. Дүйнө лидерлерин башын бириктирген бул саммитке кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев чакыруу алган болчу. Кыргызстан мамлекет башчысына чакыруу НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин атынан келген.

Маалымат каражаттары кабарлашкандай, НАТОнун саммитине чакыруу алган Борбор Азия өлкөлөрүнүн эч биринин президенти барган жок. Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин да жумушу көп экенин айтып, саммитке катышпай турганын жарыялаган. Адистер Борбор Азия лидерлеринин саммитке барбаганын Орусиянын таасири катары сыпатташууда.

НАТОнун бул саммитинде Ооганстандагы абал, 2014-жылы эл аралык күчтөр ал өлкөдөн чыгарылгандан кийинки бирдиктүү аракеттер талкууга алынууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG