Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Ошто Гапар Айтиевдин 100 жылдыгы белгиленет


Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков сүрөтчү Гапар Айтиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук бийликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Юбилейлик иш-чаранын алкагында cүрөтчү өзү туулуп өскөн Төлөйкөн айылына Гапар Айтиев атындагы музей курулат жана ошол айылдагы эстелиги жаңыланат. Сүрөтчүнүн аты берилген көчө асфальтталып, облустук деңгээлде сүрөтчүлөр сынагы уюштурулат.

Салтанаттуу жыйын сентябрда Оштогу улуттук драмтеатрда өтөт.

Гапар Айтиев 1912-жылы Төлөйкөн айылында туулган. СССРдин эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. 1984-жылы каза болгон. Айтиевдин ысымын Бишкектеги кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи алып жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG