Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:08

Азербайжанда Евровидение сынагы өтүүдө


Бакуда бүгүн жана бейшемби күндөрү 42 өлкө өз ырчылары менен музыкалык топторун жөнөткөн мелдештин жарым финалы, ал эми ишембиде финалы болот. Ыр сынагын сыналгыдан 125 миллион киши көрөрү күтүлүүдө.

Азербайжандын авторитардык деп эсептелген өкмөтү бул маданий окуяны кара майга бай мамлекеттин эл аралык коомчулукка ийгилик жолунда бара жаткан заманбап өлкө катары көрсөтүүнү көздөгөн.

Бирок мелдешти утурлай расмий Бакунун дарегине адам укуктары жаатындагы абалдын начардыгы боюнча айыптар жана сындар айтылды. Азербайжан менен Тоолуу-Карабакка байланыштуу чатакташып келе жаткан коңшу Армения ыр мелдешине өз өкүлүн жиберген жок. (UE)

XS
SM
MD
LG