Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Пакистандын порттуу Карачи шаарында кан төгүлдү


Карачиде белгисиз куралчан аткан октон кеминде тогуз киши өлдү. 30 чакты адам жарадар болду. Чабуул улутчул Авами Техрик уюму жыйынга чогулуп жатканда жасалып, тополоң менен коштолду. Коогада бир нече дүкөн жана машине өрттөлдү. Андан мурдараак Пакистандын деңиз флотунун үч офицери былтыр майда Карачидеги деңиз базасына кол салууга байланыштуу соттолгону расмий кабарланган. Аскер базасына талиптер жасаган чабуулда 10 адам набыт болгон. Карачи порт-шаарында 18 миллиондой адам жашайт.

XS
SM
MD
LG